Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында пикет өтүүдө


Ушу тапта Бишкекте, Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандык активист, "7-апрел" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Ал "Бакиевди бергиле же өзүңөр кеткиле!" деген жазуу менен турат. Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бермейинче апрел окуясы боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылбайт, бул маселе чечилбейт".

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликтин саясатына нааразылардын акциясы учурунда токсондой кишиге ок атылган. Өлкөнү жетектеп турган Курманбек Бакиев ошол күнү өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Учурда ал Беларуста жашайт деген маалымат бар. Курманбек Бакиев апрел окуясы боюнча сыртынан соттолууда. 2010-жылдын күзүндө башталган бул сот жараяны түрдүү себептерден улам аягына чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG