Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Сирияда элдик толкундоо башталганына бир жыл болду


Идлиб шаары аткылангандан кийинки көрүнүш. 11-март, 2012 -жыл.
Идлиб шаары аткылангандан кийинки көрүнүш. 11-март, 2012 -жыл.
Улуттар уюмунун эсебинде, акыркы бир жылдан берки кагылыштардан Сирияда 8000дей кишинин өмүрү кыйылды, 230 миңдей сириялык үй-жайын таштоого аргасыз болду. Козголоң качан жана кандай шартта аяктары азырынча беймаалым болуп турат.

Өкмөттүк күчтөрдүн козголоңчулардын таянычы болгон Хомс, Дераа, Идлиб шаарларын айоосуз аткылоосуна карабастан, президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршылык көргөзүү уланууда.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кан төгүүнү токтотуу боюнча буга чейин негизинен Орусия менен Кытайдын каршылыгынан улам эки ирет резолюция кабыл алалбай койсо, Араб лигасынын байкоочулар миссиясынын иши да майнапсыз аяктады.

Каршылашкан тараптарды мунасага көндүрүү аракети менен учурда Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы, БУУнун мурдагы башкатчысы Кофи Аннан алектенүүдө.

Сирия оппозициясынын козголоңдун бүгүнкү бир жылдыгына тушташ билдиргенине караганда, Дераа шаарына дагы бир ирет чабуул жасоо үчүн шаарды танктар жана брондуу техника курчап турат. Сирия бийлиги болсо өкмөттүк күчтөр террорчулар менен күрөшүп жатканын айтууда.

Бул аралыкта араб өлкөлөрүнүн эң ирилеринин бири – Сауд Аравия Сириядагы элчилигин жаап, дипломаттарын чыгарып кеткендигин жарыялады.
(UE)

XS
SM
MD
LG