Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:42

Борбор Азиялык жаштар оркестри түзүлөт


Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жаш музыканттары катышкан долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Европа Биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Долбоорго 398 миң евро бөлүнөт. Эки жыл ичинде аймактагы кызматташтык аркылуу музыкалык маданиятты бекемдөөгө багытталган иш-чаралар өткөрүлөт. Казак, кыргыз жана тажик элдеринин салттуу, классикалык музыкасын өнүктүрүү ишине италиялык адистер жардам беришет. (RK)

XS
SM
MD
LG