Бүгүн Ошто КМШ мамлекеттеринин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүчү мекеме жетекчилеринин жыйыны өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын күч түзүмдөрүнүн, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун жана БУУнун өкүлдөрү катышты.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйындын катышуучулары терроризм коркунучунан коом тиешелүү деңгээлде корголо электигин айтышты. Келечекте кооптуу жагдайларды жарата ала турган терс көрүнүштөр пайда болушу ыктымал деген божомолдор бар экени да айтылды. Аларды болтурбоо үчүн биргелешип кызматташуунун жол-жобосу аныкталды. (RK)