Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Назарбаев "патриоттук фильмдерди" тартууга үндөдү


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев киноөндүрүшчүлөрдү “патриоттук фильмдерди” көбүрөөк тартууга чакырды. Президент көпчүлүк жергиликтүү жана чет өлкөлүк фильмдер бир адамдын жеке проблемаларына көңүл бурат, биз болсо коомдун көбүрөөк чагылдырылышын каалайбыз деди. Назарбаевдин айтымында, чет жердик фильмдер билимге умтулуу, чыныгы достук, сүйүү, өз өлкөсү, мекени үчүн иштөөнү каалаган адамдарды сейрек көрсөтөт. Маалыматтарга караганда, Казакстан жетекчиси өкмөтчүл “Болашак” жаштар тобунун мүчөлөрүнүн тагдырын чагылдырган “Келечек үчүн” деген фильмди жаңы эле көрүп чыкты. Шаршембиде уюмдун мүчөлөрү базарларда сатылган порнографиялык мазмундагы DVDлерди өрттөп жиберишти. Алар мындан ары да рейд өткөрүп, андай фильмдерге каршы күрөшөөрүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG