Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Экономикалык кылмышка каршы күрөш кызматкерлери сынак менен тандалат


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыш менен күрөш кызматына кадрларды тандоо боюнча комиссия түзүү тууралуу токтомго кол койду. Бабановдун дагы башка буйругу менен Каржы полициясы жоюлуп, анын ордуна аталган кызмат түзүлдү. Өкмөттүн билдиришинче, кызматкерлер сынак аркылуу кабыл алынат. Талапкер 23 жаштан 35 жашка чейин болушу керек.

Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы аёсуз күрөш жарыяланганын кабарлаган. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен Каржы полициясы бири-биринин милдетин кайталап калганы айтылып жаткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG