Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Чаткал: Кар көчкүдө кармалган жүргүнчүлөр сапарын улап кетишти


15-мартта түнкү ондор чамасында Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 78-79-чакырымында көлөмү 2000 м³ болгон кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Ала-Бука – Жаңы-Базар багытында 6 даана унаа 18 жүргүнчүсү менен жолдо калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, тиешелүү техника тартылып, бүгүн түнү унаа жол толугу менен ачылды, жолдо калган унаалар өздөрүнүн багыттары менен кетишти.

Мындан сырткары Чаткал районуна караштуу Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 5-9-чакырымдарында 750-800 м³ болгон кар көчкү түшүп, жол жабылган. Кар көчкүнү тазалоого Унаа жана байланыш министрлигине караштуу ЖЭМ-27 ишканасынан эки бульдозер тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG