Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

Жаштар арасында ашказандын шишик оорусу көбөйүүдө


Кыргызстанда онкологиялык оорулардын ичинен ашказандын шишик оорусу биринчи орунда турат. Улуттук онкология борборунун ашказан оорулар боюнча дарыгери Элмира Абдышева айрыкча жаштардын арасында бул дартка чалдыккандар көп болуп жатканын “Азаттыкка” айтты.

Республика боюнча ашказандын шишиги менен жылына 600дөн ашык оорулуу каттоого алынат. Жыл аралыгында алардын 85,1 пайызы каза табат.

Оорунун көп болуп жатышын адистер экологиянын бузулушу, социалдык-экономикалык оор абал жана эл арасында стресстин көп болуп жатышы менен түшүндүрүшөт. Онкологиялык илдетке чалдыккандардын дээрлик баардыгы оору өтүшүп кеткенде гана дарыгерлерге кайрылышат. (MA/RK)

XS
SM
MD
LG