Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Өкмөт Кыргызстанды Wi-Fi менен камсыз кылуу планын жарыялады


Быйыл Кыргызстандын аймагынын 80 пайызы Wi-Fi системасы менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште "Республика" фракциясынын жыйынында Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев билдирди. Бирок бул планды ишке ашырыш үчүн "Кыргызтелекомду" сатып, анын курамындагы телерадио, интернет багытын тейлеген ишкананы (РПО РМТР) өзүнчө мамлекеттик структура кылып кайра тузүү керектиги айтылды.

Министр Сариев депутаттарга 2012-2014-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча программанын долбоорун сунуштаганы барды. "Республика" фракциясынын депутаттары бул долбоор боюнча кошумчаларын айтып, кабыл алышты. Wi-Fi аркылуу каалаган жерден Интернетке зымы жок байланышса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG