Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүнкү отурумунда "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдон кол тийбестикти алып салуу керек деген чечим кабыл алды. Ушул эле маселе бүгүн "Ата Журт" фракциясында да каралмак, бирок Пирматовдун комиссиянын иши жыйынтыкталмайынча талкууну токтото туруу өтүнүчүнө байланыштуу күн тартибинен алынганы айтылууда. Ушундай эле өтүнүч "Ата Мекенге" да айтылган. Бул фракция өз чечимин "Пирматовду күнөөлөө үчүн эмес, Баш прокуратура келтирген айыптар боюнча териштирүү зарылчылыгы" менен түшүндүрүүдө.
Исхак Пирматов 2008-2010-жылдары "Кыргызмунайгазды" жетектеп турганда мамлекетке каржылык зыян келтирген деп айыпталып жатат. Баш прокуратура кылмыш ишин тергөө үчүн Пирматовдун депутаттык кол тийбестигин алуу өтүнүчүн парламентке жолдогон. Бул маселени кароо үчүн ар бир фракция өкүлдөрүнөн турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын иши жыйынтыктала элек. (KKs/RK)