Ошту көрктөндүрүү үчүн ар бир үйгө үгүт баракчалары таратылат. Бул тууралуу шаар мэриясынын аппарат жыйынында шаар башчысы Мелис Мырзакматов айтты. Мэриянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, окуу жайлардын жетекчилерине тазалык темасында ачык сабактарды өткөрүү, имамдарга мечиттерде ушул багытта дарс окуу тапшырмасы берилди. Шаар милициясы көрктөндүрүү иштерине көңүлкош мамиле жасаган жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ошту көрктөндүрүү боюнча мэриянын токтомун аткарбаган ишканалардын жетекчилери сотко берилет.
Ошто 1-марттан 31-майга чейин жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча мэрия токтом кабыл алган. (SE/RK)
Ошто 1-марттан 31-майга чейин жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча мэрия токтом кабыл алган. (SE/RK)