Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кабыл түрмөсүндө отургандар тамак ичпей жатат


Кабылдын четиндеги Пули-Чарки түрмөсүндө 100дөй арестант ачкачылык жарыялап, тамак ичпей жатканы ырасмий маалымдалды. Атын атабоону суранган өкмөттүк чиновниктин “Эркин Ооганстан” радиосуна айтышынча, арестанттар оозун төөнөп алып, үч күндөн бери тамак жебей атышат. Алар бөлмөлөрдө ашыкча көп адам жатаарын, тамак кем берилерин, Куран китептери тартып алынды деп даттанышууда. Түрмөнүн акими, генерал Хан Мухаммед Хан арестанттардын сөзүн куру жалаа деп атады. Мыкты күзөтүлгөн Пули-Чарки абагында 3 миңдей арестант кармалат. Алардын көпчүлүгү мурдакы талиптер, “ал-Каиданын” желдеттери, адам өлтүргөн кылмышкерлер жана маң аткезчилери.

XS
SM
MD
LG