Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

АКШда ӨИКтин мүчөсү деп шектелеген Бахтияр Жумаев кармалды


Кошмо Штаттарда Өзбекстанда өкмөттү төңкөрүүнү көздөгөн Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген адам кармалды. Бийликтердин билдиришинче, Бахтияр Жумаев Филаделфия шаарында кармалып, Ислам Жихады уюмун колдогон деп айыпталууда. Вашингтон Ислам Жихады уюмун террорчу уюм деп, өлкөдө тыйуу салган. Бахтияр Жумаев ошондой эле январда Чикаго аэропортунда кармалган Жамшид Мухторовдун жакын досу экени кабарланды. Мухторов Ислам Жихады уюмуна кошулуу үчүн Чикагодон учканы жатканда кармалган. Жумаевдин күнөөсү тастыкталса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG