Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:17

Быйыл Бишкекте бир миллиондон ашык петунья гүлү тигилет


Быйыл Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүнө жана аянттарына 1 миллион 200дөй петунья гүлү тигилет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Жашылдандыруу курулушу" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди. Анын айтымында, гүлдөрдү былтыркыдай кылып тиешелүү нымдуулукта сактап турууга ылайыкташтырылган атайын идиштерге салып көчөлөргө илишет. Бул иш май айынын алгачкы күндөрүндө башталат. Ал эми Жеңиш аянтында гүл отургузуу 25-апрелден кийин жүргүзүлө баштайт. Былтыр Бишкектин чоң көчө бойлоруна 800 миңдей сап петунья отургузулган. Шаар мэриясынын бул демилгесин алгач көпчүлүк сынга алган. Бирок кийин гүл көбөйүп өскөндө көчөлөр өзгөчө жаңы көрккө бөлөнгөнү айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG