Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Талас: Төө буурчактан жылына 43 миллион доллар киреше түшөт


Талас облусунда төө буурчак сатуудан жыл сайын 43 миллион доллардын тегерегинде акча түшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын агрардык өнүгүү бөлүмүнөн кабарлашты. Былтыркы жылдын 1-сентябрынан ушул күнгө чейин 51 миң 949 тонна төө буурчак сатылып, орточо эсеп менен 1 миллиард 917 миллион сом киреше болду. Талас губернаторунун басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин айтымында, учурда облуста төө буурчакты даярдап экспорттоо боюнча 54 фирма иштейт. Негизинен Түркия, Македония, Болгария, Хорватия, Румыния, Орусия, Ирак, Иран сатып алып кетет. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG