Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Глобалдык фонддун акчасын бөлүштүрүү боюнча кылмыш иш козголду


Баш прокуратура СПИД, кургак учук жана безгекке каршы Глобалдык фонддон Кыргызстанга тийген 34 миллион 890 миң доллардын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынан маалымдашкандай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Грант түрүндө берилген акчанын бир бөлүгү айлык акыга, унаа сатып алууга жумшалганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG