Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ооганстанда түркиялык 12 жоокер набыт болду


Кабулда аскердик тик учак кулап түшүп, түркиялык 12 жоокер набыт болду. Ооган баш калаасынын Баграми чөлкөмүндө болгон кырсык жердеги эки кыздын өмүрүн да кыйды. Тик учак турак жайдын үстүнө кулап түшкөнү маалымдалууда. Түрк куралдуу күчтөрүнүн өкүлү окуянын себептери иликтөөдөн кийин аныкталаарын билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак кулаардын алдында бир турак үйдү сүзүп, экинчиси үстүнө урап түшкөн. НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгы бүгүн жасаган билдирүүсүндө кырсык болгон учурда аймакта аскерий иш-чаралар жүргүзүлбөгөнүн маалымдады.

Түркиянын Ооганстандагы контингентинде 1 миң 800дөй аскер кызмат өтөйт. Алардын көбү Кабулдун айланасында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG