Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Гуманитардык миссия Сирияда аткылоого кабылган шаарларды кыдырат


Соңку айларда бийликтин жана оппозициянын куралдуу күчтөрүнүн согуш талаасына айланган Хомс, Хама жана Дера шаарларында ушул ишембиден тарта Сириядагы жана эл аралык гуманитардык уюмдар биргеликте иштеп башташат. БУУнун гуманитардык миссиясынын жетекчиси Валери Амостун айтымында, бул миссия согуш жүрүп жаткан аймактардын жашоочуларынын көз карашы менен кырдаалды баалап, аларга гуманитардык жардам жеткирүүнүн жолдорун карайт. Кечээ бейшембиде эки араб өлкөсү - Бахрейн жана Сауд Арабия Сириядагы элчиликтерин жаап, дипломаттарын чакыртып алганы белгилүү болду. Бул кадам президент Башар Асаддын оппозицияга карата кыргынына каршы жасалды.

XS
SM
MD
LG