Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Өлүм жазасына өкүм кылынган жигиттин энеси Лукашенкага кайрылды


Былтыр Минск метросундагы жардырууну уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган Владислав Ковалевдун энеси Беларус президентине кайрылып, өкүмдү ишке ашырууну 1 жылга токтото турууну өтүндү. Любовь Ковалева бул аралыкта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын арызын карайт деп үмүттөнөт. Адвокаттар да өкүмдү аткарбай турууну суранууда. Ковалевдун авдокаты Жогорку сотко көзөмөл арызын жолдоп, сот процесси маалында бир топ каталар кетирилгенин жазган. Жума башында президент Александр Лукашенка Ковалев жана дагы бир айыпталуучу Дмитрий Коноваловдун айыбын кечирүүдөн баш тарткан. Минсктин борборундагы станциядагы былтыркы жардыруудан 15 киши өлгөн эле.

XS
SM
MD
LG