Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Түндүк Кореянын ракета учуруу планы сынга кабылды


Түштүк Корея, Япония жана АКШ Пхеньяндын алыс аралыкка ракета учуруу планын сындашты. Ракета Жердин орбитасына спутник жеткирмекчи. Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги мындай кадам БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу болуп эсептелээрин эскертет. Резолюция Түндүк Кореяга баллистикалык ракеталардын жардамы менен космос учууларын ишке ашырууга тыюу салат. Ал план ишке ашырылса, “чоң провокацияга” айланат, - деп айтылат Сеулдун билдирүүсүндө.
Япония кабинетинин катчысы Осаму Фужимура Токио Пхеньянды планына баш тартууга үндөөрүн айтты. АКШнын Мамлекеттик департаменти Түндүк Кореянын долбоорун “өтө чагымчыл мүнөздө” деп атады. Түндүк Корея бийлиги өткөн айда уран байытууну, атомдук жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды сыноону убактылуу токтотууга макул болгон. Ал үчүн бул үчүн өлкөгө азык-түлүк жардамы берилмек.

XS
SM
MD
LG