Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Баткен: чек аралаш аймак жол каттамы жана дыйканчылыкта колдоого муктаж


Баткен облусунун губернатору Жеңиш Раззаков Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Жаңы жер айыл округунун 2 айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар чек ара маселелерине байланышкан бир топ көйгөйлөрүн айтып, эң башкысы жол каттамдын абалы оорлугун билдиришти. Аймак аркылуу Тажикстанга өтүп жаткан оор жүк тарткан унаалар айылдын жолдорун талкаланып кеткени, өткөн жылы Тажикстанды айланып өтүүчү жолго курулмакчы болгон көпүрөнүн алиге токтоп турганын айтышты. Мындан тышкары жайыт маселеси оор болуп, элдин чек аралаш аймакта жашап калуусуна шарттар жетишээрлик болбой, коомдук каналды көрсөтүү сапаты начар болуп жатканы айтылды.

Облус губернатору Жеңиш Раззаков оор жүк тарткан унаалардын каттамында жергиликтүүлөргө зыянын тийгизбегендей мыйзамдар зарылдыгын айтып, калктын жазгы талаа жумуштары үчүн муктаждыктарды чечүүгө жардам берилээрин билдирди. (JSa)

XS
SM
MD
LG