Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

“Ата Мекен” Жээнбеков менен Абдрахмановду катарынан чыгарды


Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын республикалык жыйыны өттү. Анда Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду партиядан, Жогорку Кеңештеги фракциядан чыгаруу, депутаттык мандаттарын тапшыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Жээнбеков өзү жыйында сөз сүйлөп, "мындай чечим партиядагы атаандаштыктын жоктугун жана өнүгө албай турганын билдирет" деп айтты.

Жээнбеков менен Абдрахманов партиянын ички ынтымагына доо келтирип жатат деп күнөөлөнүп жатат. Буга чейин бул эки депутат парламентте фракция жыйындарында “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен келише албай, айтыша кеткен, маалымат каражаттары аркылуу бири-бирин сындаган учурлары катталган.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, партия же фракция депутатты мандатынан ажырата албайт, депутаттын өзү гана баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. (EBM)

XS
SM
MD
LG