Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Ооганстан: шектүү америкалык аскердин аты аталды


16 карапайым ооганды, анын ичинде балдарды өз үйлөрүндө атып салган аскер Роберт Бейлз экени кабарланууда. Бейлзге али айып коюла элек. Аны Ооганстандан Кувейт аркылуу АКШдагы катуу кайтаруудагы аскер базасына чыгарып кетишти.

Америкалык расмий өкүлдөр 38 жаштагы сержант буга чейин Иракта кызмат өтөгөндүгүн билдиришкен. Бейлздин адвокаты анын Иракта башынан жараат алганын, кийин Ооганстанга жиберилгенин билдирүүдө.

Бул окуядан кийин ооган президенти Хамид Карзай Ооганстандагы америкалык аскерлерди айылдардан чыгарып кетүүгө чакырды. Ал ошондой эле Пентагонду тергөө ишинде кызматташпай жатат деп күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG