Кар көчкү түшүү коркунучунан улам Бишкек-Ош жолунун “Сосновка”, “Суусамыр”, “Өтмөк”, “Арал” посттору 20-мартка чейин кечки саат алтыдан эртең мененки саат сегизге чейин жабылууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 16-17-март күндөрү Бишкек-Ош унаа жолунда кеминде беш жолу кар көчтү. Ош-Бишкек жолунда ишемби күнү үч киши көчкү алдында калып, набыт болду. (KKs)