Башкы түрмөчү Шейшенбек Байзаковду кызматтан алууну сунуштаган Жогорку Кеңештин токтому боюнча Жаза аткаруу кызматы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. Жаза аткаруу кызматы айрым депутаттар токтомдогу башкы түрмөчүнү кызматтан бошотуу боюнча пунктту алып салууну сунуштаганы менен, ал сунуштар эске алынбай калганын билдирүүдө. Мындан улам Башкы прокуратурага токтомго укуктук баа берүү өтүнүчү жөнөтүлдү.
22-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү абал жана башкы түрмөчүнүн ишмердүүлүгүн талкууга алган. Бул жагдайды иликтеген комиссия “абактардагы тополоңду алдын албады жана акча каражаттарын ыксыз колдонду” деген жүйө менен башкы түрмөчүнү кызматтан алууну сунуштаган. Мындай дооматты Шейшенбек Байзаков четке каккан болчу. (KKs)