Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Азербайжан: демонстрацияда үч киши камакка алынды


Күбөлөр Бакы калаасынын чет жакасындагы уруксат берилген оппозициялык акцияда үч демонстрант камакка алынгандыгын билдиришүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, камалгандардын арасында президент Илхам Алиевди богооз сөздөр менен кошуп сындаган белгилүү топтун солисти да бар жана камалгандардын айрымдары бети-башы айрылып, сабалгандыгы көрүнүп турду.

Полиция жана дарыгерлер камактагылардын абалы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Үчөөнү соттогону алып кетишкени кабарланууда.

Демонстрацияга жүздөгөн оппозиция өкүлдөрү жана жаш активисттер катышып, саясий айыпкерлерди бошотууну жана өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

XS
SM
MD
LG