Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Жээнбеков менен Абдрахманов депутаттык мандатын тапшырбайт


“Ата Мекен” партиясынын катарынан чыгарылган депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов депутаттык мандаттарын тапшырбайт. Бул тууралуу эл өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти. Алар азыркы мыйзамга ылайык, партия же фракция депутатты мандатынан ажырата албастыгын, эл өкүлү өзү гана баш тартуу тууралуу чечим кабыл алаарын билдиришүүдө.

“Ата Мекен” партиясы кечээ жыйынга чогулуп, анда Жээнбеков менен Абдрахмановду партиядан жана Жогорку Кеңештеги фракциядан чыгаруу чечим кабыл алган. Партия эки депутатка мандаттарын тапшыруу талабын койгон. Аталган депутаттар партиянын ички ынтымагына доо келтирип жатат деп күнөөлөнүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG