Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Жапония Кыргызстандагы мектептерди оңдоого көмөктөшөт


Жапон өкмөтү Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде балдарды окутуу шарттарын жакшыртуу үчүн БУУнун Балдар фондуна 5 миллион доллар бөлүп берүүдө. Бул тууралуу фонддун Бишкектеги өкүлчүлүгү билдирүүдө. Каражат ЮНИСЕФ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин алкагында Кыргызстандагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги билим алуу шарттарын жакшыртууга сарпталат. Грант Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы айрыкча муктаж болгон жамааттардагы 38 мектеп жана 12 мектепке чейинки билим берүү мекемесине багытталган. Жылытуу тутумун жана дарсканаларды оңдоп-түзөө, санитардык түйүндөрдү куруу жана мектеп эмерегин жаңылоо каралган. Ошондой эле бул долбоор балдардын өздүк гигиенасын сактоо боюнча билимин жана шык, машыгууларын жакшыртып, жер титирөөдө жана башка чукул кырдаалда өзүн туура алып жүрүүгө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Аталган долбоордун алкагында эки жыл ичинде 50 мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги 25 000 баланы камтуу көздөлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG