Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Пирматовдун маселесин иликтеген комиссия жыйына чогулат


Башкы прокуратуранын депутат Исхак Пирматовдон кол тийбестик макамын алуу боюнча сунушун иликтеген комиссия бүгүн жыйынга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, комиссиянын төрайымы Галина Скрипкина “Азаттыкка” билдирди:

“Биз буга чейин кылган иштерибизди, кимди сураганыбызды талкуулайбыз. Корутунду дүйшөмбү күнү даяр болуп калат. Натыйжада дагы бир жыйын өткөрүлүп, анда комиссия кандай жыйынтыкка келгенин талкууга алабыз”,-деди депутат Скрипкина.

Өткөн жума күнү “Ата Мекен” фракциясы Пирматовду жоопко тартууга макулдугун берген. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыга электе бул маселенин талкууга алынышын Пирматов комиссиянын ишине басым кылуу аракети катары сыпаттап чыккан.

“Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 2008-2010-жылдар аралыгында Кочкор-Атадагы “Кыргызмунайгаз” ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге жол берген деп айыпталып жатат. Феврал айында Башкы прокуратура Пирматовду суракка алуу үчүн депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратууну парламентке сунуштаган. Депутат өзүнө коюлган айыптардын негизсиз экенин айтып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG