Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Түркия: Күрттөр жашаган аймакта Нооруздун эрте майрамдалуусуна тоскоолдук кылынды


Күрттөрдүн Ноорузду эртелеп майрамдоосуна полиция жана коопсуздук күчтөрү тоскоолдук кылды. Кабарларга караганда, Диярбакир шаарындагы кечээги кагылыштан тогуз адам жаракат алган.

Франс Пресс агенттиги маалымдагандай, полиция бул шаарда миңденген күрттөрдүн Ноорузду майрамдоо максатында жыйналышына жол бербөө үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Мунун алдында түрк бийликтери Нооруз 21-мартта майрамдалуусу керектигин баса белгилөө менен анын эртелеп, жекшембиде майрамдалуусун мыйзамсыз деп жарыялашкан.

Бирок күрт топтору бир нече шаарда бул эрежени бузушту. Адатта Түркиядагы күрт азчылыгы Нооруз майрамын көбүрөөк укуктарга ээ болуу жана тыюу салынган Күрт Жумушчу партиясына берилгенин көргөзүү үчүн пайдаланууга аракеттенет. (UE)

XS
SM
MD
LG