Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Орусияда телемунарадагы пикет үчүн ондогон адам кармалды


Полиция НТВ телеканалынын алдына келген митингичилерди күчтөп алып кетүүдө. 18-март, 2012-жыл.
Полиция НТВ телеканалынын алдына келген митингичилерди күчтөп алып кетүүдө. 18-март, 2012-жыл.
Москада уруксат берилбеген нааразылык акциясы мамлекет көзөмөлүндөгү НТВ телеканалы 4-марттагы президенттик шайлоодо жеңген Владимир Путинге каршы демонстрацияга чыккандарга акча төлөнгөнү айтылган берүүнү обого чыгарганынын артынан кечээ болду. Останкино телемунарасынын жанына чогулган бир нече жүз адам “НТВга уят”, “Путинсиз Орусия” деп кыйкырып турушту.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын маалыматына караганда, полиция пикетке чыккандардын 50дөн ашуунун кармап кеткен. Алардын ичинде оппозиция лидерлери Борис Немцов менен Сергей Удальцов да бар.

НТВнын “Нааразылыктын анатомиясы” деген ат менен обого чыгарылган фильминде оппозициянын “Таза шайлоо үчүн” акциясынын алкагындагы митингдерине адамдар акча алуу үчүн келген деген ой айтылган.

Мамлекет көзөмөлүндөгү НТВнын аяктаган апта ичиндеги жаңылыктар программасынын биринде оппозиция карапайым жарандарга төлөгөн акчаны Вашингтондон алганы ишара кылынган. (UE)

XS
SM
MD
LG