Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

"Тазалык": Март айында жол мынчалык тайгак болгон эмес


Буга чейин март айында Бишкекте жол бүгүнкүдөй тайгак болуп, кыйынчылык жараткан эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, жаап жаткан карга байланыштуу унаа жолдорго кум, туз себүү иши түнкү үчтө башталган. Азыркы саатка карата 150 тонна кум, 3 тонна туз чачылды. Бирок кар жаандан кийин жаап, тынбай жаткандыктан жолдорду улам тайгак басууда. 20 жумушчунун төртөө самосвалга түшүп алып кумду кол менен чачып жатышат, калгандары 15 атайын унаа менен туз, кум чачып жүрүшөт.

Түндө башталган кар Бишкекте азыр да жаап жатат. Жолдун тайгагынан көпчүлүк көчөлөрдө унаа тыгындары пайда болуп, кыймыл эми гана жөнгө салына баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG