Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:28

АКШ менен Орусия куралдын эң ири сатуучусу, Индия алуучусу


Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдагы эл аралык институттун жаңы баяндамасына караганда, 2007-2011-жылдардын аралыгында Индия дүйнөдө импорттолгон куралдын 10 пайыздайын алган.

Индия сатып алган куралдын көпчүлүгү Орусиядан, Британиядан, Израилден келген. Курал импорттоо жагынан Индиядан кийинки орундарда да Азия өлкөлөрү: Түштүк Корея, Пакистан, Кытай, Сингапур турат.

Аталган институттун эсебинде, АКШнын үлүшүнө дүйнөлүк курал экспорттун
30 пайызы туура келет. Кошмо Штаттар курал соодасын 80ден ашуун өлкө менен жүргүзөт.

Андан кийинки орундагы Орусиянын дүйнөлүк курал экспорттогу үлүшү 24%. Орусия 2007-2011-жылдар аралыгында курал-жарактын басымдуу бөлүгүн Кытайга саткан. Курал экспорттоо жагынан үчүнчү орунда Германия, төртүнчүдө Франция турат. (UE)

XS
SM
MD
LG