Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Кар көчкүдөн Ноокат – Кашка-Суу унаа жолу убактылуу жабылды


Ош облусунун Ноокат районуна карштуу Исанов айыл өкмөтүнүн аймагында 18-мартта түш чамасында Ноокат – Кашка-Суу унаа жолунун 97-чакырымында кар көчкү жүрүп, натыйжада жол жабылган. Көчкүнүн узундугу 120 метр, туурасы 100 метр жана бийиктиги 4 метр болуп, жалпы көлөмү болжол менен 48 000 м3 түзөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, кар көчкү адам өмүрүнө зыян келтирген жок. Учурда ал жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.

17-мартта кечинде Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Бишкек – Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү үч адамдын өмүрүн алып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG