Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Бишкек – Ош унаа жол үстүндө топтолгон кар көчүрүлөт


Кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында 24-мартка чейин карды артиллериялык курал менен атайлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш 17-мартта башталган. Карды көчүрүү иштери аяктаганча Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка, Суусамыр, Өтмөк, Арал бекеттерин кечки алтыдан эртең мененки саат сегизге чейин жабык болот. Карды көчүрүү иштери бүгүн Чоң-Алайдагы Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 95-чакырымында да улантылат. 17-мартта Токтогул районунда Бишкек - Ош жолунда кар көчкү үч адамдын өмүрүн алып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG