Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Таласта Андашты иштетүүгө каршылар митингге чыгышты


Ушу тапта Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында Андаш кенин иштетүүгө каршы чыккан жарандардын митинги өтүп жатат. Митингдин катышуучуларынын бири Кайназар Иманалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, нааразылык акциясына Көпүрө-Базар айылынын тургундары катышууда.

"Жогорку Кеңештин 81 депутатынын чечими менен жабылган "Кентор Голд" компаниясы жергиликтүү тургундарга арзан кредит, көмүр, ун берип, элди бөлүп жатат. Жабылган компания ишин кайрадан башташына нааразыбыз", - дейт Иманалиев.

Иманалиевдин айтымында, митингге 300-400 адам катышууда. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиргенине караганда, чогулгандардын саны 60-70 киши.

Митингчилерге облус губернатору Койсун Курманалиева чыгып, анын бул маселени чечүү укугу жок экенин, 22-мартта Таласка вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев келгенде талкууланаарын айтты.

Таластагы Андаш кени жергиликтүү тургундар менен компаниянын тил табыша албай жатканынан улам иштебей турат. Тургундар кенди иштетүү аймактын экологиясына зыян алып келет дешет. Былтыр күзүндө Жогорку Кеңеш тургундардын дооматын жүйөөлүү деп таап кенди жапкан болчу. Кенде кеминде 20 тонна алтын, 70 миң тоннадай жез катылып жатат. (RK/MbA)

XS
SM
MD
LG