Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Грекиянын каржы министри кызматтан кетти


Министр Евангелос Венизелос жалпы грекиялык социалисттик кыймылдын лидери болуп шайланганына байланыштуу кызмат ордун тапшырып берди. Венизелос эми Грекиядагы ири партиянын лидери болуп калды. Буга чейин бул партияны мурдагы премьер-министр Георгиос Папандреу башкарып келген, бирок ал өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу боюнча бир катар саясатчылар менен сүйлөшкөндөн кийин жыл башында кызматынан кеткен. Анын кабинетин алмаштырган Лукас Пападимос башында турган коалициялык өкмөт жаңы каржы министр ким болоорун азыр ачыктай элек. Апрелдин аягында Грекияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG