Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Маевкада ынтымакка чакырган шерине өтөт


21-март Нооруз күнү Бишкек четиндеги Маевка айылында жашаган ар улут өкүлдөрүн ынтымакка чакырган шерине өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан Элинин ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айылда жашаган сегиз улуттун өкүлү атайын шерине уюштуруп, жаңжалдарды алдын алуу боюнча талкуу өткөрүүгө камданып жатышат. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстан Эл ассамблеясы ар башка улуттун өкүлдөрү жашаган аймактарда таасирдүү аксакал, жаш лидерлердин тизмелерин тактап, ыктымал жаңжалдарды алардын көмөгү менен жөнгө салууну көздөөдө.

2010-жылдын апрел айында Маевкада жер талаштан тополоң чыккан. Анда беш адам каза таап, кыркка жакыны жаракат алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG