26-мартта Бишкекте Франкофония жумалыгы башталат. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашты. 1-апрелге чейин созулуучу бул жумалыкта француз тилин жана маданиятын жайылтуу максатында французча тасмалар, концерттер, сүрөт көргөзмөлөр өткөрүлөт. Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн ар түрдүү сынактар уюштурулат. Бул жолу атайын Франциядан артисттер да келе жатат.
Франкофония жумалыгы – француз тилдүү мамлекеттердин маданиятын жана тилин даңазалоо, тааныштыруу максатын көздөйт. Кыргызстанда бул жумалык Швейцариянын кызматташтык боюнча бюросу менен Франциянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан бир канча жылдан бери уюштурулуп келет. (KKs)