Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Тажикстан жана Түркия диний укуктарды бузган өлкөлөрдүн тизмесине кирди


Аларды бул тизмеге АКШнын эл аралык диний эркиндиктер боюнча комиссиясы жылдык баяндамасында киргизген.

Комиссия өз баяндамасында тизмеге жаңы кошулган Тажистан, Түркия менен катар анда мурда эле болгон Түркмөнстан, Өзбекстан, Иран, Ирак, Түндүк Корея, Кытай жана башка өлкөлөрдөгү кырдаал “өзгөчө тынчсыздануу” жаратат деп эсептейт.

Мындан сырткары баяндамада тогуз өлкөдөгү, анын ичинде Орусия, Беларус, Ооганстандагы кырдаал диний эркиндиктер өкмөттөр тарабынан же алардын киришүүсү менен бузулуп жаткандыктан улам жакындан байкоого алынуусу керектиги айтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG