Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Орусия "Кызыл чырымдын" Сирияда ок атышууну токтотуу жөнүндөгү чакырыгына кошулду


"Кызыл чырымдын" башчысы Якоб Келленбергер 19-мартта Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
"Кызыл чырымдын" башчысы Якоб Келленбергер 19-мартта Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
"Кызыл чырым" комитети Сирияда гуманитардык иш-чаралар үчүн ок атышууну күнүнө эки сааттан токтотууга үндөөдө.

Бул үндөөнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да колдоп, Сирия өкмөтүн жана ага каршы куралдуу топтордун баарын ок атышууну токтотууга тезинен көнүүгө чакырды.

Орусия Сирия президенти Башар Асад менен ысык мамиледе деп эсептелет. Эл аралык "Кызыл чырым" комитетинин башчысы Якоб Келленбергер орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кечээ Москвада жолугуп, Сирияга гуманитардык жардам жеткирүү маселесин талкуулаган.

Бул жолугушуунун артынан Москва "Кызыл чырым" Сирияда камакта отургандардын баары менен жолуга алуусу керектигин да белгиледи.

Комитет ок атышуунун күнүнө эки сааттан токтошу жарадарларды алып чыгуу, уруштан катуу жапа чеккен жерлерге азык-түлүк, дары-дармек жеткирүү үчүн керек деп эсептөөдө.

БУУнун эсебинде, президент Асаддын режимине каршы бир жылдан берки козголоң учурунда 9000дей кишинин өмүрү кыйылды, 30 миңдей адам өлкөдөн чыгып кетти, 200 миңдей киши өлкө ичинде жер которду. (UE)

XS
SM
MD
LG