Евразия экономикалык союзу 2015-жылдын 1-январына карата түзүлүшү керек. Бул тууралуу ЕврАзЭШтин (Евразия экономикалык шериктештик уюму) кечээ Москвада өткөн саммитинен кийин Орусия президенти Дмитрий Медведев билдирди. Саммитте президенттер ЕврАзЭШти кайра куруу жана жаңылоо боюнча маселелерди талкуулашканын Москвадан "Азаттыктын" кабарчысы Кубаныч Жолдошов билдирүүдө. Жыйындын жыйынтыгы боюнча маалымат берген орус президенти Евразия экономикалык шериктештик уюму кызматташуунун жаңы деңгээлине чыкканын айтып, эми аны жаңыча, натыйжалуу кылып, Еврошаркет сыяктуу биримдик катары өркүндөтүү маселеси көтөрүлүп жатканын билдирди. Бирок өз ара соода жүгүртүү, акча-кредит жана жумушчу күчүн алмашууда чечилбей жаткан бир катар көйгөйлүү маселелер бар экени да айтылды. (KJ/RK)