Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Дагы беш вагон уу көмүр Казакстанга жөнөтүлдү


Бүгүн таңкы саат алтыда Бишкек-1 темир жол станциясынан беш вагон радиоактивдүү көмүр (343,580 тонна) Казакстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Мындан сырткары “Жылуулук энергетикалык борборунда” 10 вагон жүктөлгөн көмүр турат. Бүгүнкү күндө жалпы 45 вагон (3053,55 тонна) көмүр Казакстанга жөнөтүлдү.

Былтыр Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке жана Чүйгө сатылып келген көмүрдүн радиациясы ченден бир топ жогору экени аныкталган. Быйыл февралда уу көмүрдү кайра казак тарапка ташып кетүү иши башталган. Бул иш марттын башында эле аяктайт деп “Электр станциялар” ишканасы билдирген болчу. Уу көмүрдүн Кыргызстанга өтүшү боюнча кылмыш иши козголуп, темир жол жана бажынын төрт кызматкери соттолууда. Айып энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге да тагылды. (RK)

XS
SM
MD
LG