Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Токтогулда бир адам кар көчкү астында калды


Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Кара-Күңгөй айлынын Көл-Камыш участогунда кар көчкү жүрүп, кыштоодон мал айдап келе жаткан Кара-Суу айылынын тургуну 28 жаштагы Бахрамов Айбек көчкүнүн астында калды. Аны издөө иштери жүрүп жатат. Кырсык кечээ эртең мененки саат ондордо болгонун ӨКМ маалымат кызматы билдирди. Соңку үч күн ичинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкүнүн айынан төрт адамдын өмүрү кыйылганы маалым болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG