Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

MegaCom боюнча камалгандардын тарапкерлери митингге чыгышты


Ушу тапта Бишкекте Жогорку Сот имаратынын алдында MegaCom боюнча камалгандардын тарапкерлеринин тынчтык митинги өтүп жатат. Алар соттун адилет чечимин талап кылышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингдин катышуучусу Адила Кермалиева билдирди.

Бугүн Жогорку Сот “Альфа Телеком” (MegaCom уюлдук компаниясы) жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековдун баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгарышы керек. Буга чейин райондук жана шаар соттору аларды камакта кармоо чечимин чыгарышкан. Камалгандардын жактоочулары аларды тергөө абагынан чыгарып, тергө бүткөнчө үй камагына алыш керек деп жатышат.

30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы MegaCom компаниясында текшерүү жүргүзүп, кирешесин чыгарып кеткен, менчиктеп алган жана акча каражатын ысырап пайдаланган учурлар аныкталганын, жалпы 142 млн. сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлаган. Бул факт боюнча кылмыш иш козголгон.

1-февралда Мурзалиевди, Аман уулун жана Абековду УКМКнын тергөө абагында 31-мартка чейин кармоо тууралуу сот чечими чыккан болчу.

Камалгандардын тарапкерлеринин пикиринде, аларга тагылып жаткан айыптоолор негизсиз жана далили жок. (RK)

XS
SM
MD
LG