Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:30

Баткенде оор жүк ташыгандарга каршы нааразылык акция өтүп жатат


Ушу тапта Баткен облустук акимчилигинин алдында жүздөй киши топтолуп турат. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, алар Баткен шаарынын аймагы аркылуу күйүүчү май тарткан оор жүк ташуучу машиналардын каттамын токтотууну талап кылышууда. Буга чейин да мындай талап облус жетекчилигинин алдына коюлган болчу. Бирок талап аткарыла элек.

Бул жолу акыркы эскертүү катары айтабыз, эгер 40-50 тонна кара май тарткан унаалар шаар аралап жолдорду буза берсе жол тосууга мажбур болобуз”, - деп билдиришти «Азаттыка» жыйындын катышуучулары.

Алар облус губернатору менен жолугушууну күтүп турушат. Губернатор иш сапарда болгондуктан түшкө маал жолугушаары айтылды. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG