Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Өзгөндө хизбутчу деп шектелгендерден үч жардыргыч алынды


Оштун Өзгөн шаарында “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү деп шектелген он киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Батыр Нышанов билдирди. Анын айтымында, ыкчам маалымат түшкөндөн кийин шектүү делген 12 үйдө тинтүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында колго жасалган үч жардыргыч, 105 үгүт китепче, 224 диск, 4 видео жана 8 аудиокассета алынды. Мунун баары теологиялык анализге жөнөтүлдү. “Хизб-ут Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын катарына кирет. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG