Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Apple өз акцияларына квартал сайын дивидент төлөйт


АКШнын жаңы технология жаатындагы эң ири компаниясы - Apple 1995-жылдан бери биринчи жолу өз акционерлерине же баалуу кагаздарын кармоочуларга кварталдык киреше төлөнөөрүн жарыя кылды. Ошондой эле ашыкча топтолгон акчасын азайтуу үчүн баалуу кагаздарын сатып ала баштайт. Компания бир акция үчүн 2 доллар 65 сенттен дивидент төлөмөкчү, үч жылда акционерлерине 45 миллиард доллар төлөйт. Apple үч жыл ичинде өз акцияларын сатып алганга 10 миллиард доллар сарптайт. Компаниянын кирешеси өсүүсү iPad жана iPhone продукцияларынын өтүмдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Азыр Apple дүйнөдөгү эң кымбат компания.

XS
SM
MD
LG