Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Жаштардын сексуалдык саламаттыгы боюнча долбоор ачылат


Кыргызстанда улан-кыздардын сексуалдык жана репродукциялык саламаттыгын камсыз кылуу, аларды медициналык тейлөөнү жакшыртуу, ыңгайлаштыруу максатын көздөгөн долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу "Репродукциялык саламаттык альянстан" кабарлашты. Долбоор Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылат. Адистердин айтымында, Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын 35 пайыздан ашыгы 15-28 жаштагылар. Жыныстык жугуштуу илдетке кабылгандардын 55 пайызынан көбүн да жаштар түзөт. Мындай жагдай негизинен маалыматтын жетишсиздигинен улам түзүлүп жатканын дарыгерлер, психологдор айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG