Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Токтогулда кар көчкүнүн астынан эки адамдын сөөгү чыкты


Жалал-Абаддын Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 222-чакырымында бүгүн 7 машинаны кар көчкү басып калды. Алардын ичиндеги 12 кишинин ону куткарылып, калган экөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ушуну менен 17-марттан бери Ош жана Жалал-Абад облустарында кар көчкү тогуз адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын төртөө 6-12 жаштагы балдар.

Жалал-Абаддын Токтогул районунда кыштоодон мал айдап келе жаткан Кара-Суу айылынын тургуну 28 жаштагы Бахрамов Айбек да кар көчкүнүн астында калганы айтылууда. Анын дайыны али күнчө белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG